№143 Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июнундагы № 03-б буйругу менен Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Колбаев Турдаалы Жээнбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 4-июлундагы № 51-б буйругу менен Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Тайгашкаев Руслан Авасканович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын районунун Достук, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо   2018-жылдын 27-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Нарын, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 11-июлу 
№ 143