26.05.2021 №320 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 20 жана 24-майында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жаңы шайланган Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М. А. Коңурбаевга жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                              

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-майы

№ 320