Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73 жана 77-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” идеалисттик-демократиялык партиясынан шайланган депутат Сулайманов Нурлан Чолпонбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Нурлан Чолпонбаевичтин №017 күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төраганын
ыйгарым укукарын аткаруучу А. Шайымкулова
Бишкек шаары, 2014-жылдын 31-январы
№16