№238 Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын 15 Жаш айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө
Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын 15 Жаш айылынын аймагында жаңы №5566 шайлоо участкасы түзүлсүн.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 14-июлу
№ 238