№157 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 47 буйругу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Чилпаков Темирбек Осмоналиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2018-жылдын 30-июлундагы № 07-пр буйругу менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Басылбеков Орозобек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 22-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Жумгал, Нарын аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 6 - августу
№ 157
Бишкек ш., 2018-жылдын 6 - августу
№ 157