15.10.20 № 253 Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Чүй облусунун Москва районунун Александровка, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 214 токтому менен 2020-жылдын 2-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы катышкан талапкерлер зарыл болгон добуштарды албагандыгына байланыштуу айыл өкмөт башчысы шайланган жок.

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 7-сентябрындагы №196-б буйругу менен Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Баги Ибрагим Юшизович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

2020-жылы 2-апрелде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык Талас облусунун Бакай-Ата районунун администрация башчысы – акимдин № 22/VI-б буйругу менен И.А. Сарыев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешинин сунуштамасынын негизинде ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Буйрукка макул болбогон И.А. Сарыев Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна кайра орноштуруу жөнүндө арыз менен Талас облусунун административдик сотуна кайрылган.

2020-жылдын 19-майында Талас облусунун административдик соту И.А.Сарыевдин административдик доо арызын кароосуз калтырган.

Административдик процесстик кодекстин 213-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, эгерде мыйзамда башка шарттар каралбаса, сот чечим чыгаргандан кийин отуз күндүн ичинде даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

Талас облусунун Административдик сотунун аныктамасы И.А.Сариев тарбынан даттанылган эмес.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын жаӊы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 29-октябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2. Чүй облусунун Москва районунун Александровка жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 4-ноябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

3. Сокулук, Москва жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн

       

                ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА  

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 15-октябры

№ 253