17.06.2021 № 474 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 285 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун  Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 2 талапкер – Колдаров Раушанбек Абдимиталипович - «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Умаров Нурланбек Эшматович- «Ынтымак» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен  Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Р. Колдаровго - 10 добуш, Н. Умаровго – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Умаров Нурланбек Эшматович Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 11-июнундагы Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Умаров Нурланбек Эшматович Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Майлуу-Суу шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.      

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 474