“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 Жарлыгы менен дайындалган, Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоону уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу – практикалык иш-чаралардын Календардык планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы № 153 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу – практикалык иш-чаралардын Календардык планы брошюра түрүндө 400 (төрт жүз) нускада басып чыгарылсын.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 27-декабры
№ 419