06.01.2021 №104 Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пазылова Рысгул Кенжебаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арынбек уулу Элеман резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Самидинов Кадырбек, Бакиров Руслан Арзибаевич, Ашырмаматов Нурмухаммед Нурбекович, Жалалов Калмамат Мамытбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтогулов Жоодар Мураталиевич, Жабагыев Эдик Маматибраимович, Эсенбаева Миргуль Эсенбаевна, Кумарбеков Мыктыбек Мусабаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 3. Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токушова Нургул Жолчубаевна, Маконбаева Зуура Далибаевна, Хасанова Суйумкан Бекмуратовна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ормонбекова Патма Жакшыбайевна, Капарова Нуржамал, Темиров Мирбек Алипбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шамсутдинов Шухратилла Махаммадалиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Саттарова Разия Мамажакыповна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 5. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сабитакунов Космос, Ажыбаев Талантбек Темирбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чекирова Динаркүл Мажитовна, Жылкычыманова Кенжегүл Асанкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозалы уулу Азамат комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кырбашев Шаршенди резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

7. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нуралиев Азизбек Кубанычбекович, Данияров Төрөгелди Токтогонович, Сейталиев Маратбек Басылбекович, Курманбек уулу Кубанычбек комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Урматова Жанара Мирланбековна, Медерова Жумабүбү, Надыршаев Нурадил Надыршаевич, Кадыров Дастан Азаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

8. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тыналиев Болотбек Балыкович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маданова Махабат Оболбековна, Ишенбекова Азиза Бактыбековна, Калиев Асылбек Акылбекович, Атаев Акжол Сабырбекович, Тологонов Курманбек Тилекович, Шаршенбаев Мирбек Шаршенбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сакеев Жолдош, Табышева Саламат Орозбековна, Курманбаев Эмил Бекенович, Кыдыманов Омурбек Дуйшеналиевич, Касымалиев Канатбек Акенович, Самарова Айзада Насбековна, Тюлегенов Турат Бектурович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 6-апрели

№ 104