15.06.2021 № 460 2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8 жана 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 227 жана 2021-жылдын 25-майындагы № 293 токтомдору менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Шамши уулу Мелисбек, Жусупбеков Жаныш Жусупбекович, Мамазияев Алмазбек Жунусович, Мурзакулов Советбек Сыдыкович катталган. Талапкерлер Т. Зулпуев айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Т. Зулпуев айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, М. Шамши уулу - 3 добуш, Ж. Ж. Жусупбеков – 0 добуш, А.Ж. Мамазияев – 10 добуш, С.С. Мурзакулов – 17 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мурзакулов Советбек Сыдыкович Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Гаффаров Шукурилло Иномжанович, Сайтбаев Юсупжан Якубжанович катталган. Талапкерлер Мирмахмудов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Шайлоо эки турда өттү. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мирмахмудов айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, биринчи турунда, Ш. И. Гаффаров - 11 добуш, Ю.Я. Сайтбаев – 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш, экинчи турунда, Ю.Я. Сайтбаев - 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 11 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Сайтбаев Юсупжан Якубжанович Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Джороев Туйгунбек Жунусович, Айткулов Асилбек Эсеналиевич катталган. Талапкерлер Көк-Бел айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көк-Бел айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 20 депутаты катышып, Т.Ж. Джороев – 6 добуш, А.Э. Айткулов – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Айткулов Асилбек Эсеналиевич Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурзакулов Советбек Сыдыкович Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Сайтбаев Юсупжан Якубжанович Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Айткулов Асилбек Эсеналиевич Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Т. Зулпуев, Мирмахмудов жана Көк-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 460