02.09.20 № 195 Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамындарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Т.М. Ибраимовдун, А.С. Омурбекованын, Ж.А. Такырбашованын арыздарынын, М.Б. Алыбаеванын өлгөндүгүү тууралуу күбөлүгүн, Ж.К. Акыбаевди Кара-Кулжа комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акыбаев Жалалдин Көчкөнбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибраимов Таалайбек Мамажанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдибает кызы Гулдар, Шерибаев Заирбек Токтобаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурбекова Алтынбубу Суйутбековна, Такырбашова Жыпаркалыс Айтбаевна, Алыбаева Махабат Бузурманкуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эгембердиев Абдибали Козонович, Эргешова Назира Осмонбековна, Эрназарова Гулшайыр Дүйшөналиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 2-сентябры
№ 195