2013-жылдын 24-сентябрында, 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 143 токтому менен, 20-сентябрындагы № 148 токтому менен дайындалган, Чүй облусунунун Сокулук районуна караштуу Камышановка, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп, Сары-Булак, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр, Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча, Москва районуна караштуу Садовый, Целинный, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Лейлек районуна караштуу Лейлек, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Тогуз-Торо, Чаткал районуна караштуу Терек-Сай, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Куйручук, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Акназаров айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комисияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 24-сентябрындагы Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1 Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2 Мураталиев Манас Манапбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. 2013-жылдын 24-сентябрындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1 Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2 Исмаилов Советбек Темирбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
3. 2013-жылдын 3-октябрындагы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1 Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2 Асанов Нурбек Сартбаевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. 2013-жылдын 3-октябрындагы Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.1 Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.2 Мырзакматов Айбек Сапарбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
5. 2013-жылдын 3-октябрындагы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.1 Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.2 Алиев Тейитбек Жумакадырович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
6. 2013-жылдын 3-октябрындагы Чүй облусунун Москва районунун Садовый айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
6.1 Садовый айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
6.2 Долеткулов Муратбек Тутанович Чүй облусунун Москва районунун Садовый айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
7. 2013-жылдын 3-октябрындагы Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
7.1 Целинный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
7.2 Мурсалиев Самаган Джекшенович Чүй облусунун Москва районунун Целинный айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
8. 2013-жылдын 3-октябрындагы Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
8.1 Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
8.2 Рахматбай уулу Каныбек Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
9. 2013-жылдын 3-октябрындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
9.1 Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
9.2 Кадыров Таалайбек Абазбекович Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
10. 2013-жылдын 3-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
10.1 Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
10.2 Абдыкадыров Рахатбек Кыйбатбекович Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
11. 2013-жылдын 3-октябрындагы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
11.1 Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
11.2 Турдалиев Бакытбек Абдразакович Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
12. 2013-жылдын 3-октябрындагы Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
12.1 Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
12.2 Абылабеков Бердибек Нарын облусунун Жумгал районунун Куйручук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
13. 2013-жылдын 3-октябрындагы Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
13.1 Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
13.2 Султаналиев Шамилбек Кушубакович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
15. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
16. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П. П. Баженовко жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ Г. К. ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2013-жылдын 16-октябры
№ 156