07.07.20ж. № 127 2020-жылдын 4 – октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
2020-жылдын 4 – октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2020-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 41-беренесиндеги 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк” ААКсы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Контролдук-текшерүү топтун жетекчисине Г.М. Баатыровага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шаары, 2020-жылдын 7-июлу
№ 127