№98 2019-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы №77 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер каталган - Анаров Саатбек Гапарович, Ниязкулов Эргеш Эшбаевич, Турдалиев Саатбек Каримович - 3 талапкер жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Ак-Сай айылдык кеңешиндеги 20 депутаты катышты.
Добуш берүүдө Анаров С.Г. – 11; Ниязкулов Э.Э. – 4; Турдалиев С.К. - 4; бардык талапкерлерге каршы – 1, добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Анаров С.Г. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 28-июнундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Анаров Саатбек Гапарович табылсын.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 5 - июлу
№ 98