Саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, жарандардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, 2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору бар жарандардын катышуу конституциялык укуктарын камсыз кылууну ишке ашыруу максатында жана шайлоо мыйзамдарын бирдиктүү колдонуу максатында, бүгүнкү күнгө карата 60 000 тегерегиндеги жарандардын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору бар экендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2, 52-беренелеринин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2015-жылдын 19-сентябрынан кечикпестен биометрикалык каттоодон өткөн фактысы аныкталгандыгы жана паспортунда чапталган социалдык коргоо күбөлүгү бар болсо, колдонуу мөөнөтү аяктай элек 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, шайлоо күнү шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ катары колдонууга болот экендиги участкалык шайлоо комиссияларына билдирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын уюштуруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 18-сентябры
№ 145
2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды