13.11.2020 №308 Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 11-августундагы № 104-р буйругу менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Аманкулов Эмир Эркинбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн

2. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен  өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн

       

ТӨРАГА                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 13-ноябры

№ 308