№109 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 24-майындагы № 370 буйругу менен Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 24 жана 25-майында жаңыдан шайланган Ош облусунун Кара-Суу  районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жалал-Абад, Кара-Суу жана Сокулук  аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн
 
ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 26 - майы
№ 109