Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 16-февралына дайындаган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо айыл тургундарынын агрессивдүү маанайдагы бөлүгү тарабынан Бостери айылдык кеңешинин депутаттарына кысым көрсөтүүдөн, мазактоо коркунучунан жана коркутуп-үркүтүүдөн, ошондой эле аларга коопсуз иш шарттары камсыз кылынбагандыктан улам өтпөй калды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарынын 2013-жылдын 27-февралындагы № 15/од буйругу менен түзүлгөн Жумушчу топ сунуш кылган маалымкаттын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык аймагынын башчысын кайталап шайлоону өткөрүүгө тоскоолдук кылуу фактылары жөнүндө Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын арызын карап чыгуунун натыйжалары жөнүндө маалымкат эске алынсын (тиркелет).
2. 2013-жылдын 16-февралына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 18-мартына которулсун.
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштурсун жана өткөрсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 11-марты
№ 32