15.06.2021 № 463 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         21-майындагы № 258 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мамишов Дагыбек Алимбекович катталган. Талапкер Кара-Гуз айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кара-Гуз айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Д. А. Мамишов - 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Мамишов Дагыбек Алимбекович Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9-июнундагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                       49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Мамишов Дагыбек Алимбекович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                                

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 463