“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча боорбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын-айыл өкмөтүн шайлоолор дайындалсын.
2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоолорун өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.
4. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 6-сентябры
№236