18.03.20 ж. №80 Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын  11-мартындагы № 157 буйругу менен Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Абыкеев Темирболот Асаналиевич, Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган.                                                       «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 6-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.                      

2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. 

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-марты
№ 80