№456 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлообюллетени жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 19-сентябрындагы «Шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган талапкерлердин ортосунда чүчү кулакты өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө» протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо бюллетенинин формасы, коргоо даражасы жана тексти бекитилсин (1, 2-тиркеме).
2. Шайлообюллетендерди, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо бюллетендеринин нускасы шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбошу керек.
4. Шайлообюллетендерди аймактык шайлоо комиссияларга жеткирүү жана өткөрүп берүү үчүн жооптуулар болуп Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 33 чечими менен региондор боюнча бекитилген кураторлукка ылайыкКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү белгиленсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 20-сентябры,
№ 456