“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
- Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (1-тиркеме);
- Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдар Ассоциациясынын өкүлдөрү (2-тиркеме);
- Латвия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (3-тиркеме);
- Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (4-тиркеме);
- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы (5-тиркеме);
- Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү (6-тиркеме);
- Эстония Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (7-тиркеме);
- Ислам кызматташтык уюмунун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү (8-тиркеме).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
2015-жылдын 18-сентябры
№ 141
2015-жылдын 18-сентябрында жарыяланды