«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,29-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоо процессинин катышуучуларын окутуу боюнча бирдиктүү стандарты бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана бекитилген Шайлоо процессинин катышуучуларын окутуу боюнча бирдиктүү стандарты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013 жылдын 10- декабры
№175