11.06.2021 № 409 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун                              Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 231 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Саруу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Мукамбетов Талайбек Асанбаевич, Нурбек уулу Алишер катталган. Талапкерлер Саруу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Саруу айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Т.А. Мукамбетов - 7 добуш, А. Нурбек у. – 14 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу Нурбек уулу Алишер Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                                     49-беренесине ылайык,

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун                       Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нурбек уулу Алишер Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Саруу айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 409