№74 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 29-мартындагы   № 66-т буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдырбаев Эркимбек Эсенбаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 23-апрелине дайындалсын жана саат   9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 4-апрели
№ 74