№102 2018-жылдын 13-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгы менен дайындалган   Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Кара-Жыгач айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт.  Кара-Жыгач айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн.     Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо      21 мандатка 58 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 3735ти түзүп, анын ичинен 1677 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 44,9 % түзөт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык  №2331, №2332 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2018-жылдын 13-майындагы протоколдорунун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын  16-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Жыгач айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 
 
ТӨРАГА                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 21-майы, 
№ 102