Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевнаны ден-соолугунун абалынан улам комиссиянын жыйналыштарына системалуу түрдө катышпай жаткандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 1-октябрындагы № 10 токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 16-беренесинин 3-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, З-пунктчаларын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан сунушталган мүчөсү Туголбаева Айкан
Сатыбалдиевна чыгарылсын
- комиссиянын курамына резервден «Акшумкар» саясый партиясынан көрсөтүлгөн Маматжанова Феруза Керимовна киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕ
Бишкек ш., 2010-жылдын 5-октябры
№298