№64 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколун бекитүү жөнүндө

2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелиндегы ПЖ №44 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Байтик айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 63 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 5705ти түзүп, анын ичинен 3021 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 52.95 % түзөт. 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №7202, №7203, №7204 жана №7205 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп таанып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.

2019-жылы 21-майда Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына №3 Байтик шайлоо округу боюнча Байтик айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер  А.Э. Сманалиевден арыз түштү, анда талапкер №7204 шайлоо участогу боюнча жараксыз  шайлоо бюллетендерин кайталап кол менен саноону өтүнгөн. Жараксыз  шайлоо бюллетендерин кайталап кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы өзгөрүүсүз калды.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясына жана Байтик айылдык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын  27-майы 
№64