№3 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2017-жылдын 30-декабрындагы № 70 буйругу менен Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Абылов Руслан Кожоналиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын              2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 26-январына дайындалсын жана саат             9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 8 - январы
№ 3