09.06.2021 № 377 2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү

2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 4 жана 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 228 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Пасаңов Эржигит Жетимишович, Токтомуратов Надырбек Кеңешбаевич катталган. Талапкерлер Кызыл-Октябрь айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кызыл-Октябрь айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Э.Ж. Пасаңов– 13 добуш, Н. К. Токтомуратов– 7 добуш,  за  позицию  «против всех кандидатов» – 1 голос, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Пасаңов Эржигит Жетимишович Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Амирбеков Алмазбек Амирбекович катталган. Талапкер Кароол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кароол айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, А. А. Амирбеков – 20 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Амирбеков Алмазбек Амирбекович Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Маматов  Каныбек, Токтобаев Сатар Бекмурзаевич катталган. Талапкерлер Кара-Таш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, К. Маматов - 2 добуш, С. Б. Токтобаев – 9 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Токтобаев Сатар Бекмурзаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Бусуев Маматибраим Темирбекович, Апарканов Медербек Эсенгелдиевич, Джаныбеков Марат Джаныбекович, Батаев Дуйшобек Мамасаитович катталган. Талапкер Мырза-Аке айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Шайлоо эки турда өттү. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Мырза-Аке айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, биринчи турунда, М.Т. Бусуев - 0 добуш, М.Э. Апарканов – 2 добуш, М.Д. Джаныбеков – 10 добуш, Д.М. Батаев– 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, М.Д. Джаныбеков – 7 добуш,   Д.М. Батаев - 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Батаев Дуйшобек Мамасаитович Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 4 жана 5-июнундагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылы 4 жана 5-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4 жана 5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Пасаңов Эржигит Жетимишович Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Амирбеков Алмазбек Амирбекович Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Токтобаев Сатар Бекмурзаевич Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Батаев Дуйшобек Мамасаитович Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы Кызыл-Октябрь, Кароол, Кара-Таш жана Мырза-Аке айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

  

ТӨРАГА          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                   

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 377