№460 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:
1)Алиев РауфАсифоглы, Азердбайжан Респуликасынын Милли Меджлисинин депутаты (1-тиркеме);
2)Юндунова Индира Бабуевна, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин мүчөсү Б.Б. Жамсуевдин жардамчысы (1-тиркеме);
3)Мурадов Гулмурат Худайбердыевич, Түркмөнстандын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы (1-тиркеме);
4)Акмырадов Агадурды Чарыевич, Түркмөнстандын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын башкы адиса (1-тиркеме);
5)Блинова Татьяна Владимировна, Тольятти шаардык округунун администрациясынын уюштуруу башкармалыгынынжетекчиси(1-тиркеме);
6)Гожая Александра Викторовна, Самара облусунун Октябрь шаардык округунун башчысы (1-тиркеме);
7)Екамасов Анатолий Иванович, Самара облусунун Сергиев муниципалдык районунун башчысынын биринчи орун басары (1-тиркеме);
8)Железцова Марина Борисовна, Тольятти шаардык округунун Борбордук администрациясынын БР ТКЧ башкармалыгынын жетекчиси (1-тиркеме);
9)Князькин Валерий Анатольевич, Самара облусунун Челно-Вершины муниципалдык районунун башчысы (1-тиркеме);
10)Лемаева Александра Михайловича,Самара облусунун Шенталинский муниципалдык районунун башчысы (1-тиркеме);
11)Макеев Владислав Юрьевич, Самара облусунун Красноярский муниципалдык районунун социалдык маселелер боюнча райондунбашчысынын орун басары (1-тиркеме);
12)Панфёров Владимир Сергеевич, Самара облусунун финансыларды башкаруу министринин орун басары (1-тиркеме);
13)Попов Алексей Петрович,Самара облусунун айыл-чарба жана азык-түлүк боюнча министри- Өкмөттүн төрагасынын орун басары (1-тиркеме);
14)Рябов Юрий Федорович, Самара облусунун Похвистневский муниципалдык районунун башчысы (1-тиркеме);
15)Терентьев Владимир Николаевич, Самара шаардык округунун администрациясынын аппаратынын башчысы – шаардык округдун башчысынын орун басары (1-тиркеме);
16)Тетеревенков Андрей Евгеньевич, Самара шаардык округунун администрациясынын аппаратынын башкаруу процесстерин уюштуруу департаментинин жетекчиси (1-тиркеме);
17)Ульянкин Сергей Александрович, Самара облусунун энергетика жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары (1-тиркеме);
18)Черненко Александр Александрович, Самара облусунун Губернаторунун администрациясынын мамлекеттик башкаруу департаментинин муниципалдык билимберүү менен өз ара аракеттенүү боюнчабашкармалыгынын консультанты (1-тиркеме);
19)Ятманкин Валерий Дмитриевич, Самара облусунун Исаклинский муниципалдык районунун башчысы (1-тиркеме);
20)Халин Игорь Николаевич, Тюмень облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы (1-тиркеме);
21)Николаев Андрей Сергеевич, Тюмень облусунун шайлоо комиссиясынын катчысы (1-тиркеме);
22)Дяченко Артем Владимирович, Тюмень облусунун Губернаторунун аппаратынын ченемдик-аналитикалык иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси (1-тиркеме);
23)Елишев Владимир Геннадьевич, Тюмень облусунун «Облонкодиспансер»№1 ГЛПУ радиология бөлүмүнүн башчысы(1-тиркеме);
24)Лапенко Марина Владимировна, КМШ жана Балтика өлкөлөрүн иликтөө боюнча Н. Г. Чернышев атындагы Саратов мамлекетик университетинин илимий - билим берүү борборунун жетекчиси (1-тиркеме);
25)Аршинов Юрий Евгеньевич, КМШ жана Балтика өлкөлөрүн иликтөө боюнча Н. Г. Чернышев атындагы Саратов мамлекетик университетинин илимий - билим берүү борборунун жетекчиси (1-тиркеме);
26)Цветков Николай Юрьевич, Псков облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы (1-тиркеме);
27)Шахов Дмитрий Владимирович, Псков облусунун адам укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү (1-тиркеме);
28)Голованов Сергей Иванович, Ленинград облусунун Гатчина районунун администрациясынын башчысынын орун басары (1-тиркеме);
29)АрифБудиман, Индонезия РеспубликасынынБашкышайлоокомиссиясынынтөрагасы(2-тиркеме);
30)Ариф Рахман Хаким, Индонезия РеспубликасынынБашкышайлоокомиссиясынын Башкы катчысы (2-тиркеме);
31)Сумайрандоно, Индонезия РеспубликасынынБашкышайлоокомиссиясынын пландоо бөлүмүнүн жетекчиси (2-тиркеме).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматовага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 20-сентябры
№460