19.12.2020 №479 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2020-жылдын 18-декабрындагы кириш №01-12/3840 түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдары болуп төмөндөгүлөр катталсын:

- Ураимов Мирлан Абдуманапович;

- Насирдинов Аскарбек Насирдинович.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                               А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 19-декабры

№ 479