25.04.21 №127 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Сары-Булак, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Сары-Булак, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун  Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Гуз, Ылай-Талаа, Сары-Булак, Чалма, Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги

- Кашка-Жол айылдык кеңешинин

- Кара-Кочкор айылдык кеңешинин

- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин

- Кара-Гуз айылдык кеңешинин

- Ылай-Талаа айылдык кеңешинин

- Сары-Булак айылдык кеңешинин

- Чалма айылдык кеңешинин

- Капчыгай айылдык кеңешинин

- Ой-Талаа айылдык кеңешинин

- Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

- Алайкуу  айылдык кеңешинин                            

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-апрели

№ 127