№19 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-декабрындагы № 13 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31ди түзөт. Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Таш-Көмүр шаардык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнүн мурда шайлоого катышуу учун 7 саясий партия катталды, алардын ичинен төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: “Мекеним Кыргызстан” – 30,3% (10 мандат); КСДП – 24,7% (9 мандат); “Ата-Журт” – 12,2% (4 мандат); “Таш-Көмүр жаштары” – 11,2% (4 мандат); “Өнүгүү-Прогресс” – 10,4% (4 мандат). Шайлоочулардын саны 19658ди түзүп, анын ичинен 10561 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 53,7 % түзөт.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына жана Таш-Көмүр шаардык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 6-февралы,
№ 19