02.06.2021 №359 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. У. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
А. У. Жапаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Жапаров Акылбек Усенбековичти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри кызмат ордуна дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-июнундагы №241 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Усенбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жапаров Акылбек Усенбековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. А. Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 2-июну
№ 359