“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 19 - беренесинин 4 -бөлүгүнө жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Н.Ж.Калчаевдин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Калчаев Нурбек Жылкычыевич (аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы) комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 11-январы
№ 7