15.06.2021 № 456 2021-жылы 8, 9-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 8, 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы № 249 токтому менен дайындалган Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Май айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Рыскулов Кубанычбек Ракынович катталган. Талапкер Май айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Май айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, К.Р Рыскулов - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Рыскулов Кубанычбек Ракынович Май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Жунусалиев Мирланбек Аширбекович катталган. Талапкер Кыргызстан айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Кыргызстан айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, М.А. Жунусалиев - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Жунусалиев Мирланбек Аширбекович Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Покровка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Турсунбаев Талант Анарбекович, Шамбеталиев Равхат Калыбекович, Душобаев Мукталы Бошкоевич, Буркутбаев Заирбек Советалиевич, Базакечов Тынарбек Молдобаевич катталган. Талапкерлер Покровка айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кыргызстан айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Т.А. Турсунбаев – 0 добуш, Р.К. Шамбеталиев – 9 добуш, Дүшөбаев М.Б. -11 добуш, З.С. Буркутбаев – 1 добуш, Т.М. Базакечов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Манас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 8-9-июнундагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынын Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан жана 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Манас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8, 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Манас районунун Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рыскулов Кубанычбек Ракынович Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Жунусалиев Мирланбек Аширбекович Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Дүшөбаев Мукталы Бошкоевич Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Манас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Май, Кыргызстан жана Покровка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 456