28.04.2021 №154 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Темир, Садыр Аке, Семеновка, Абдрахманов, Өрүктү, Бостери, Ананьев, Кара-Ой жана Күмбел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо нат

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Темир, Садыр Аке, Семеновка, Абдрахманов, Өрүктү, Бостери, Ананьев, Кара-Ой жана Күмбел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Темир, Садыр Аке, Семеновка, Абдрахманов, Өрүктү, Бостери, Ананьев, Кара-Ой жана Күмбел айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги

- Тору-Айгыр айылдык кеңешинин

- Тамчы айылдык кеңешинин

- Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин

- Темир айылдык кеңешинин

- Садыр Аке айылдык кеңешинин

- Семеновка айылдык кеңешинин

- Абдрахманов айылдык кеңешинин

- Өрүктү айылдык кеңешинин

- Бостери айылдык кеңешинин

- Ананьев айылдык кеңешинин

- Кара-Ой айылдык кеңешинин

- Күмбел айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                            ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели

№ 154