10.08.20ж. № 159 Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
Ош облусунун Чоң-Алай жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 5155 шайлоо участкасы, Жекенди айылындагы Ак-Чөп көчөсүндөгү № 3 орто мектебинин имаратынан Жекенди айылындагы Көлчөк көчөсүндөгү № 63 спорт залына өзгөртүлсүн;
- № 5163 Кызыл-Эшме айылындагы Кызыл-Эшме көчөсүндөгү № 70 орто мектебинин имаратынан Кызыл-Эшме айылындагы Кашка-Жол көчөсүндөгү № 65 спорт залына өзгөртүлсүн;
- № 5165 шайлоо участкасы, Ачы-Суу айылындагы Хаджимуратов көчөсүндөгү № 5 орто мектебинин имаратынан Ачы-Суу айылындагы Мурас көчөсүндөгү № 2 спорт залына өзгөртүлсүн;
- № 5166 шайлоо участкасы, Жайылма айылындагы Аким Базаров көчөсүндөгү № 39 айылдык клубдун имаратынан Жайылма айылындагы Аким Базаров көчөсүндөгү № 21 спорт залына өзгөртүлсүн.
2. Ош облусунун Араван районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:
- № 5341 шайлоо участкасы, Гулбаар айылындагы Жаңы-Жол көчөсүндөгү № 5 орто мектебинин имаратынан Жаңы-Жол айылындагы Жаңы-Жол-Ленин көчөсүндөгү, н/ж спорт залына өзгөртүлсүн;
- № 5493 шайлоо участкасы, Гулбаар айылындагы С. Эшматов көчөсүндөгү, н/ж Токтогул атындагы орто мектебинин имаратынан Гулбаар айылындагы С.Эшматов көчөсүндөгү № 50 Э.Кебекбаев атындагы орто мектебинин спорт залына өзгөртүлсүн.
3. Чоң-Алай жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 10-августу
№ 159 Н. Шайлдабекова