24.08.20 № 176 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: А.С. Халмурзаевдин комиссиянын курамынан чыгаруу, Т.Абдивалиевдин комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Халмурзаев Абдимомун Саматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдивалиев Тагай комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилик” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 24-августу
№ 176