2013-жылдын 12-, 13-, 23-, 24- декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 166 токтому менен дайындалган Нарын облусундагы Нарын районунун Эмгекчил, Сары-Ой; Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды; Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ак-Коргон, Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыларынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 12-декабрындагы Нарын облусундагы Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Кылжыров Эсенбек Токонович Нарын облусундагы Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. 2013-жылдын 13-декабрындагы Нарын облусундагы Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Жакыпов Чубак Дүйшөгулович Нарын облусундагы Нарын районунун Сары-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
3. 2013-жылдын 23-декабрындагы Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1. Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Абдуллаев Рысбай Токоевич Ош облусундагы Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. 2013-жылдын 23-декабрындагы Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.2. Тураббаев Юсуфбек Абдусаламович Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
5. 2013-жылдын 23-декабрындагы Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.1. Достук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.2. Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 26-декабры
№ 190