“Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесинин 3-пунктунун ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону натыйжалуу уюштуруу, шайлоо жана администрациялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо төмөндө көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлерге карата “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 49-беренесинин негизинде администрациялык иш козголсун, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлсүн жана карап чыгуу үчүн сотко берилсин:
- Нифадьев Владимир Иванович –КРСУнун ректору
- Акматбеков Манас Сулкарнаевич – КР ИИМ
- Асанов Курсан Сатарович – Ош ш. ИИБ начальниги
- Жоошбеков Заирбек Сулайманович – Ош облусунун Савай айылдык округунун башчысы
- Базарбаев Толонбай – Отуз-Адыр поселкалык кеңешинин башчысынын орун басары
- Асылбеков Куттубек Бообекович - «Манас дүйнөсү» газетасынын редактору
- Раимжанов Бакытбек Молдошевич – КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык Изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары
- Дуйшебаев Ороспек Тукушович – «Талас балык чарбасы» МИ директору
- Кулов Феликс Шаршенбаевич – Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча Дирекциясынын директору
- Алиев Эмиль Турдугулович – Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча Дирекциясынын директорунун орун басары
- Тургуналиева Элиза Кызартбековна - Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин катчысы
- Тиллекова Назира Манасовна – «Кадырали-Ата» ЖЧКнын “Тамчы” газетасынын башкы директору
- Адиев Каныбек Маматбекович – Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин ички аудит башкармалыгынын башкы адиси
- Базариева Гуляим Керималиевна – КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн адиси
- Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович – КР Финансы полициясынын улук оперуполномочени.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 6 -октябры
№ 308