“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 2,4,7, 16-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн жана киргизүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 30-октябрындагы “жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) кайрылуусунун”, Ысык-Көл облусунун Түп райондук кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 174 токтомунун. Ш.Т. Туголованын, Х.Б. Ходжоярованын, Р.Э. Рахманованын, Р.Ж. Муканбетжанованын, Н.М. Федотованын, Р.М. Таштанбековдун арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан Туголова Шолоокул Токоевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «ЭлАман» саясий партиясынан Джунушпаева Бермет Сатылгановна киргизилсин.
2. Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан Ходжоярова Хадича Боробаевна чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен «Республика» саясий партиясынан Рахманова Райхан Эрматовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Эл үчүн” саясий партиясынан Баратова Карачач Миталиповна киргизилсин.
3. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү “Эл үчүн” саясий партиясынан Муканбетжанова Рашида Жумакадыровна чыгарылсын.
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Турусбеков Мураталы Кыдырмышович киргизилсин.
4. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Федотова Надежда Михайловна чыгарылсын;
- комиссиянын резервине төмөнкүлөр киргизилсин: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан - Жээналиева Лира Абдыбековна, Осмонов Жолдошбек Асангалыевич, Холостякова Любовь Владимировна;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жээналиева Лира Абдыбековна киргизилсин.
5. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жана курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комисиянын мүчөсү “Эл үчүн” саясий партиясынан Таштанбеков Рысбек Макулбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Акшумкар» саясий партиясынан Толобаева Замира Жумабековна киргизилсин.
6. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 19-ноябры
№ 140