15.06.2021 № 448 2021-жылы 9, 10-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көлоблусунун ТоңрайонунунУлахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетовайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 9, 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын21-майындагы № 259токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Улахолайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Бейшеев Медербек Рыскелдиевич катталган. ТалапкерУлахол айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Улахолайылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,М.Р. Бейшеев–21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Бейшеев Медербек РыскелдиевичУлахолайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Куланбаев Таалайбек Асангариевич, Кыдыралиева Майракүл Асыпбековна, Абдылдаева Нуркүмүш Султанказиевна катталган. Талапкерлер Көк-Мойнокайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоңаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көк-Мойнокайылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,Т. А. Куланбаев - 7 добуш, М.А. Кадыралиева – 0 добуш, Н.С. Абдылдаева – 3 добуш,жараксызбюллетень 1,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Куланбаев Таалайбек АсангариевичКөк-Мойнокайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Б. Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Догдурбай уулу Азамат,Кылжыров Руслан Темирбековичкатталган. Талапкерлер Б. Мамбетов айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Тоңаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Б. Мамбетовайылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,Догдурбай у. А.- 9 добуш, Р.Т. Кылжыров – 12 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кылжыров Руслан ТемирбековичБ. Мамбетовайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетовайыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 9, 10-июнундагыТоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетовайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Улахол жана Көк-Мойнок айыл өкмөттөрүнүнжана 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөнБ. Мамбетовайыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын9, 10-июнундагы протоколдорубекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетовайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бейшеев Медербек РыскелдиевичЫсык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Куланбаев Таалайбек АсангариевичЫсык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнокайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Кылжыров Руслан ТемирбековичЫсык-Көл облусунун Тоң районунун Б. Мамбетовайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Улахол, Көк-Мойнок жана Б. Мамбетовайыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну
№ 448