07.09.20 №205 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
2020-жылдын 4-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилген.
Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 28-августундагы № 214-б буйругу менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Турдумаматов Каримжан Тургунбаевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 3/14 буйругу менен Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Жамангулов Алмаз Абдымаликович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо
2020-жылдын 21-сентябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 25-сентябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
3. Ысык-Көл жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 7-сентябры
№ 205