24.04.21 №118 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө, К. Белекбаев ат. Алай, Бүлөлү, Ленин, Будалык, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Жаңы-Алай жана Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайло

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө, К. Белекбаев ат. Алай, Бүлөлү, Ленин, Будалык, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Жаңы-Алай жана Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Ош облусунун  Алай районунун Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө, К. Белекбаев ат. Алай, Бүлөлү, Ленин, Будалык, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Жаңы-Алай жана Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Алай аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги

- Сары-Таш айылдык кеңешинин

- Талды-Суу айылдык кеңешинин

- Үч-Төбө айылдык кеңешинин

- К. Белекбаев ат. Алай айылдык кеңешинин

- Бүлөлү айылдык кеңешинин

- Ленин айылдык кеңешинин

- Будалык айылдык кеңешинин

- Жошолу айылдык кеңешинин

- Корул айылдык кеңешинин

- Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин

- Гүлчө  айылдык кеңешинин                            

- Жаңы-Алай айылдык кеңешинин

- Сары-Могол айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Алай аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 24-апрели

№ 118