15.06.2021№ 457 2021-жылы 9, 10, 11-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жө

 

2021-жылы 9, 10, 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын       21-майындагы № 262, 25-майындагы № 313 токтомдору менен дайындалган Талас облусунун  Талас районунун Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Калба айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Төлөева Замира Жеңишовна, Камбаров Мундус Турусбекович катталган. Талапкерлер Калба айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен                Калба айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,  З.Ж. Төлөева - 12 добуш, М.Т. Камбаров - 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Төлөева Замира Жеңишовна Калба айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кушчубай уулу Нурахун, Сакеев Тилек Беренбекович катталган. Талапкерлер Жергетал айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен         Жергетал айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,                         Кушчубай уулу Н. - 10 добуш, Т.Б. Сакеев - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сакеев Тилек Беренбекович Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Касымбеков Анарбек Каймазарович катталган. Талапкер Кара-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен         Кара-Суу айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А.К. Касымбеков - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Касымбеков Анарбек Каймазарович Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович катталган. Талапкер Өмүралиев айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен         Өмүралиев айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып,                                          А.К. Кубанычбеков - 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. 

Талас облусунун Талас районунун Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9-10-11-июнундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Калба, 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Жергетал, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-10-11-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Талас районунун Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Төлөева Замира Жеңишовна Талас облусунун Талас районунун Калба айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Сакеев Тилек Беренбекович Талас облусунун Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.  

1.4. Касымбеков Анарбек Каймазарович Талас облусунун Талас районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын. 

1.5. Кубанычбеков Алмазбек Кадырбекович Талас облусунун Талас районунун Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын. 

2. Манас аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Калба, Жергетал, Кара-Суу жана Өмүралиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

   

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                       

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 457