12.10.20 № 250 2020-жылдын 7-октябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 7-октябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 221 токтому менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Карабаев Джыргалбай Алышович, Керимкулов Серик Сабырбекович жана Мурат Шамил катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-октябрындагы протоколу менен Көк-Ой айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 15 депутаты катышып, Дж. А. Карабаев – 0 добуш, С. С. Керимкулов - 0 добуш, Мурат Шамиль – 14 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 7-октябрындагы протоколу менен Мурат Шамиль Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 7-октябында өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Мурат Шамиль Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Талас аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 12 октября
№ 250