23.04.2021 №151 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент, Ак-Суу, Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катран айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент, Ак-Суу, Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катран айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент, Ак-Суу, Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катран айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин
- Маргун айылдык кеңешинин
- Бешкент айылдык кеңешинин
- Ак-Сай айылдык кеңешинин
- Сумбула айылдык кеңешинин
- Тогуз-Булак айылдык кеңешинин
- Лейлек айылдык кеңешинин
- Катран айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Лейлек аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели
№ 151